Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Аксы районунда акысыз медициналык кароо жүрүп жатат


Кызыл-Бейит айылы жайгашкан аймак.
Кызыл-Бейит айылы жайгашкан аймак.

Райондун борборунан алыс жайгашкан тоолуу айылдардын тургундарын Бишкек шаарынан келген «Көчмө медициналык борбордун» дарыгерлери бекер текшерип жатат.

Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Разылбек Бөрүкулов “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, он бир дарыгерден турган топ 23-июндан бери Аксы районунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн тургундарын тейледи. Мындан сырткары алар 40тай түтүн жашаган электр жарыгы жок Кызыл-Бейит айылына да барышкан. Алар 2-июлга чейин райондун бардык тоолуу айылдарын кыдырып чыгышат.

Андан кийин Майлы-Суу шаарын кыдырышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG