Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Кыйналган Кызыл-Бейит


Суу сактагыч
Суу сактагыч

"Азаттык+" берүүсүнүн чыгармачыл тобу бул жолу Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит айылына сапар тартты. Айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюлдук байланыш дагы жакшы тартпайт.

Бул жерде Нарын дарыясынын тереңдиги болжол менен 100-150 метрге жетет. Айылдыктар атайын жалдап иштеткен кайыкчынын милдети - жүргүнчүлөрдү аман-эсен ары-бери өткөрүү. Аркы жээкке алты-жети мүнөттө жетебиз. Биздин жүгүбүз жеңил болгондуктан мотордуу эмес, калакчан кайыкты тандадык.

Жергиликтүүлөр мал, азык-түлүк, курулуш материалы сыяктуу турмуш тиричилигине керектүү бардык буюмдардын эскилиги жеткен ушул эки кайык менен алып өтүшөт. Ары-бери өтүү кооптуу, катуу шамал болуп, кайык аңтарылып адам өлүмү менен аяктаган кырсыктар болот.

Эми айылга жетчү ат жолдун абалы деле жакшы эмес. Кээде тик жарды бойлоп, анан улам суу кечип ат менен бир саатта, эшек кыдыңдап эки саатта жетесиң. Кышкысын суулар тоңуп, жол азабы мындан да татаалдашат.

Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин Кызыл-Бейит Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.

Учурда бул айылда 70тен ашык түтүн бар, анда болжол менен 300гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп дегендер жок, уюлдук байланышы дагы жакшы тартпайт.

Адаттагыдай эле мен айылдагы кыз-келиндердин жашоосу менен таанышууга кириштим. Ээн жолдо баратып сары түскө боелгон чатырга көзүбүз түштү. Мындагы айыл тургундары ушул тапта жүгөрүсүн жайып, кургатып, кышка даярдык башталыптыр.

Үй ээси Майрамгүл эже жалгыз жашайт. Жолдошу каза болгондон кийин бойго жетип калган балдары шаарга көчүп кетишкен.

Айыл тургундарынын көпчүлүгү жашы өткөн адамдар. Жаштар элетте көп турбай шаарга ашыгат. Ата-бабалары жашаган, балалыгы өткөн бул жер алардын жүрөгүнө жакын, көздөрүнө үйүр.

Кызыл-Бейиттин кышы кыска, жайы узак иштин көзүн тапкандардын мал-жаны көп. Көпчүлүгү эчкинин тыбытын чубап, тоо жеринде жашоону жакшы көрүшөт. Тыбытка суроо-талап арбын болгондуктан, элди жарды жашайт деп айтууга болбойт. Малдуу адамдардын колундагы эчкилери 400-500гө жетип барат, эң аз деген үй-бүлөдө 50дөн кем эмес. Дээрлик ар бир үйдө эчкинин сүтү, каймагы дасторкон көркүн ачат.

Кыйналган Кызыл-Бейит
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:21 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG