Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Падыша-Ата: жерден чыккан мушташ


"Падыша-Ата" коругу
"Падыша-Ата" коругу

ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктар тизмесине кирген Падыша-Ата коругуна эс алуу жайын куруп алды деген ишкердин жакындары аны менен соттошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сабагандыгы айтылууда.

Бирок жеке ишкер жергиликтүү аткаминерлер да ага кол тийгизгенин айтып, чыр көп жылдан бери талаш жараткан маселенин айынан болгонун билдирди.

Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы жана жооптуу катчысы учурда райондук оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, алардын баш мээси чайкалып, денесине ар түрдүү жаракат келтирилген жана абалы орто. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Абдумиталип Субанов Жалал-Абад райондор аралык сотунда болгон окуяны мындайча баяндап берди.

- 12-август күнү мен жана төрт киши болуп сотко барганбыз. Төраганын кабылдамасынын жанында Эркин Бегимкулов бир топ балдары менен отурган. Бир убакта Бегимкулов жаныма келип "элди мага каршы үгүттөп жатасыңар, силер да Жалал-Абадга келет экенсиңер го. Эми бул жерден тирүү кетпейсиңер" деп бетке ургулап, коркутууга өттү. Аны токтотууга аракет кылсам ар жакта олтурган балдары менин тамагымдан муунтуп, артка сүйрөй баштады. Ошондо айылдык кеңештин төрагасы мага болуша коем деп, таяк жеп отурат. Булардын баарын Бегимкулов атайын чагым катары уюштурган. Бул жерде мен төрагага күбө катары гана келгем.

Коруктагы жер боюнча өткөн чогулуш
Коруктагы жер боюнча өткөн чогулуш

Ур-токмокко кабылдык деген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаардык милицияга арыз жазып, 12-август күнү кечинде Аксы райондук ооруканасына келип жатышкан. Бирок жогорудагы маалыматтарды Эркин Бегимкулов башкача мүнөздөп, сот башталаар алдында талаш-тартыш болгонун, бирок катуу мушташ орун албаганын айтууда:

- Бир жума мурда мен Падыша-Ата эс алуу жайындагы өз жериме туугандарым менен барганда ушул адамдар элди уюштуруп, ал жерден менин кетүүмдү талап кылып, ызы-чуу чыгарышты. Ыза болуп башка жакка кетүүгө туура келген. 12-августта сот башталаар алдында ичимдеги ызамды аларга ачык айтканым чын. Ушундан кийин айылдык кеңештин төрагасы мени жаактан ары бир урду. Буга күбө болгон жанымдагы балдар алар менен жакалаша кетти. Бирок ал жерде эч кандай катуу мушташ болгон эмес. Сот иши болуп жатканда алар жакшы эле катышып жаткан жана сотко катуу сабалгандыгы боюнча арызданышкан жок. Болбосо сотко катышпай эле ооруканага кайрылмак да. Бул эми алардын атайылап мага каршы жасаган чагымы.

Падыша-Ата мамлекеттик коругунун ичиндеги төрт гектардан ашык жерди “Арстанбап” ЖЧКсынын директору Эркин Бегимкулов 1997-жылы келишимдик негизде 99 жылга ижарага алган. (2002-жылы ал келишим кайра 45 жылга түзүлгөн.) Башында бул жер Авлетим токой чарбасынын карамагында болсо, 2013-жылы корук болуп түзүлгөн. Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскарбек Давлетов элдин нааразылыгы жеке ишкердин ошол жерди элге кайтарбагандыгы үчүн болууда дейт:

- Дачага эки гектар жер берилген. Ал жер Падыша-Ата мамлекеттик коругунун жери. Ал аймакка курулуш үчүн уруксат берилбейт. Бирок Бегимкулов капиталдык курулуштарды куруп алган. Биздин айыл өкмөттө үч миңге жакын жаштар жер алуу үчүн кезекте турат. Ошол эле маалда бир эле жаран гектарлаган жерди ээлеп отурат. Ал кишинин келишимин сот жокко чыгарган. Бирок Бегимкулов кийинчерээк корук менен келишим түзгөн эмес. Анын үстүнө ал жетектеген “Арстанбап” ЖКЧсы бизде катталган да эмес. 2009-жылы Падыша-Ата эс алуу жайындагы зыяратчыларга кызмат көрсөтүү акыларын көтөрүп жатканда биз депутат катары элдин атынан айтып чыкканбыз. Бирок ал киши бизди туура эмес түшүнүп, теңине албай койгон. Бегимкулов ким ал өзү? Биз сыяктуу эле адамда да.

2010-жылы райондук жетекчилердин катышуусунда аталган айылдык округдун элдик жыйыны болуп, Падыша-Ата мамлекеттик коругунда жайгашкан аталган жер элге кайтарылсын деген чечим кабыл алынып, ошол күндөн тартып айыл өкмөттүн тургундары иштетип келет. Бирок Бегимкулов бул жер жергиликтүү бийликке эмес, мамлекеттик корукка тиешелүү экендигин эске алып, алар мыйзамсыз аракеттерин токтотпой келе жатат дейт.

- Биринчиден бул жер Кашка-Суу айыл округунун карамагында эмес жана муниципиалдык менчикке да кирбейт. Булар талашып жаткан Падыша-Ата эс алуу жайынан түшкөн ачканы өздөрү алгысы келет. 1997-жылга чейин бул жер каралбай жаткан, мазарлар оңдолбогон жер болчу. Баарын өз каражатымдын эсебинен бүтүрүп, иретке келтирген соң эми көз арткандар чыкты. Жогорку Сот корук менен эч кандай келишим түзүлбөсүн деп эски келишимди күчүндө калтырган. Кийин 2015-жылы өкмөттүк деңгээлдеги комиссия да жеринде текшерип, баары мыйзамдуу экенин тактап кетишти. Облустук прокуратура Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы менен кеңештин төрагасына бул иштерге кийлигишпөө боюнча эскертүү да берди. Бирок ага карабай булар мыйзамсыз иштерин токтотпой келе жатат. Баарынын уюштуруучусу болуп Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев турат.

Район акими аксакал кишиге теңелбейм деген максатта комментарий берүүнү каалаган жок. Азыр Падыша-Ата мамлекеттик коругунун айланасындагы эс алуу жер боюнча Ала-Бука, Аксы жана Жалал-Абадда башка сот жараяндары жүрүүдө. Биринде жеке ишкер аброюма шек келтиргендиги үчүн деп берсе, экинчисинде жерди кайтаруу маселеси бар. Бул сот иштери 2010-жылдан бери уланып келет.

Талаш жараткан аймакта 2013-жылы корук уюштурулуп, азыр зыярат кылуучу жайды жергиликтүүлөр иштетүүдө. Ал жерде 9-10-кылымга таандык археологиялык имараттар жайгашкан.

XS
SM
MD
LG