Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Жалал-Абад: элеттеги насыя "капканы"


Насыясы бар жарандардын каршылык акциясы. 2012-жыл
Насыясы бар жарандардын каршылык акциясы. 2012-жыл

Жалал-Абадда насыя алууда алданган эки райондун тургундары турак жайларынан айрылуу алдында турат.

Жабырлануучулар төрт жыл мурда микрокредиттик компаниялардын биринен үйүн күрөөгө коюп, аз суммада акча алышкан. Бирок ал мүлктөр кийинчерээк "Аманбанкка" ири суммадагы насыяга күрөөгө коюлуп кеткен. Сотко өткөн бул иш учурда Чубактын кунундай чубалып келет.

Менден башка дагы эки адамдыкын, баарын бириктирип 3 млн сомго койгон экен. Ошол күндөн тартып уруш-талаш менен келе жатабыз. Соттошууга чейин барып анын аягы бүтпөй келет.
Зульфия Матмусаева

Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну Зулфия Матмусаева 2012-жылы шаарда жайгашкан “Бегайым” микрокредиттик компаниясынан 48% үстөк менен эки жылга 100 миң сом насыя алат.

Бул үчүн ал компания жетекчиси менен келишим түзүп, жашап жаткан турак жайын күрөөгө койгон. Насыясын толук төлөп бүткөндө ал үйү банкка күрөөгө коюлганын билген.

- Мен убагында "Аманбанкка" ай сайын насыя үчүн 6558 сомдон төлөп турдум. "Банкка төлөй бересиңер, биз менен келишими бар" деп айткан да. Мен анда бул оюнду түшүнгөн эмесмин. Карыздан кутулган соң үйдүн документин кайтарып алмай болуп, биз менен келишим түзгөн Гүлжамал Калмаматова аттуу аялдан сурасам, ал үйдү ошол эле "Аманбанкка" 1 млн 34 миң сомдук насыяга күрөөгө коюп салганын айтты. Менден башка дагы эки адамдыкын, баарын бириктирип 3 млн сомго койгон экен. Ошол күндөн тартып уруш-талаш менен келе жатабыз. Соттошууга чейин барып анын аягы бүтпөй келет. Бизге окшогон аялдар көп экен, алар да жабыркап калбасын деп ММКга кайрылууга аргасыз болдук.

Ушундай эле жагдайга райондун Жашасын айылынын тургуну Аттокур Байтиев да туш болгон. Ал да 100 миң сом насыя алам деп турак жайынын документтерин “Бегайым” микрокредиттик компаниясынын жетекчисине берген. Бирок акча колго тийбей эле үйү ири суммада "Аманбанкка" күрөөгө коюлуп калган.

- Үйдүн документтерин баарын даярдап алып баргам. Анан Гүлжамал Калмаматова менен "Амабанкка" бирге барып, алардын кызматкери менен келишимге кол койгонбуз. Ал жерде 100 миң сом деп эле жазылып турганын окуп анан кол коюп бергем. "Акчаны кийин аласыз" дешкен, бирок ал эже жоголуп кетти. Ошол бойдон акча да алган жокмун. Банктан "сиздин турак жайыңыз 1 млн сомго күрөөгө коюлган, убагында төлөбөсөңүз сатыкка коюлат" деп билдирүү келиптир,. Мен бул тууралуу билип, Гүлжамалды издей баштадым. Документтеринизди чыгарып берем деген, бирок ушул кезге чейин алдап келе жатат.

Учурда "Бегайым" микрокредиттик компаниясынан үйлөрүн кайтарып алалбай жаткан Сузак жана Ноокен райондорунун бир топ тургундары бар.

"Аманбанктын" Жалал-Абаддагы филиалы
"Аманбанктын" Жалал-Абаддагы филиалы

Кыргызстан-Орусия биргелешкен "Аманбанк" коммерциялык банкынын Жалал-Абад филиалынан алынган маалыматта Гүлжамал Калмаматованын 1 млн сомго жакын жана ага тиешелүү “Бегайым” микрокредиттик компаниясынын 4 млн сомго чукул карызы бары жазылган.

Калмаматованын бул карыздары үчүн банкта беш үй-бүлөнүн турак жайы күрөөдө турат. Филиалдын директору Дамир Абыкенов учурда банк дагы Калмаматованын өзү менен соттошуп жатканын айтып, кошумча маалымат берүүнү каалаган жок.

- Биздин банк Гүлжамал Калмаматованын өзүнүн карызы боюнча сотко кайрылган. Учурда башка жарандар менен да соттошуп жаткандыктан биз убактылуу сотту токтотконбуз.

Бирок жогорудагылардын баарын жеке ишкер Гүлжамал Калмаматова жокко чыгарды. "Насыяларды жарандар убагында төлөбөй ушул жагдай келип чыкты" дейт ал.

- Алар өз колдору менен кол коюп акча алышкан. Менде кол койгон келишимдер турат. Акча керек болгондо алышып, эми төлөөгө келгенде мени менен кошо банкты жаманатты кылып жатышат. Менин "Аманбанкта" 5 млн сомдой карызым жок, алар туура эмес айтып жатышат. Бул жерде документ да жасалмаланган жери жок. Баары мыйзамдуу болгон, аны сот гана чечет.

Бул иштерге "Аманбанктын" ошол учурдагы кызматкерлери да кийлигишкен. Мындай оюн айткан жабырлануучулардын бири Аттокур Байтиев келишим документтери көз боёмочулук менен жасалмаланган дейт. Мындан сырткары ал учурда Гүлжамал Калмаматова банктардын "кара тизмесинде" болгон.

- Өз көзүм менен көрүп, 100 миң сомго кол койгом, бирок ал келишимди мага беришкен эмес. Кийинки барактарына кол коюп жатканда 1 млн сомго кое берген экем. Ошентип банк кызматкери экөөлөп алдашкан тура. Ошол учурда Гүлжамал Калмаматова банктардын "кара тизмесинде" (КИБ деп коет) болчу. Бирок "Аманбанк" ага кайсы жол менен насыя бергенин түшүнбөйм. Ошол келишимге кол койгон соң, үч күндөн кийин Калмаматованы КИБден чыгарып коюшуптур. Мени ушул жагдай азыркыга чейин таң калтырып келе жатат. Биз кезегинде ишенгенбиз, бул Орусия-Кыргызстан биргелешкен банкы болсо, алдамчылыкка жол бербесе керек деп. Ал убакта иштеген ошол кызматкерлер азыр жок.

Бул жагдай азыр шаардык соттун кароосунда жарандык тартипте каралууда жана эски жылдан бери соңуна чыкпай келет. Ошондой эле бул иштерди жабырлануучулардын арызынын негизинде эми гана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү териштире баштады. Бирок тергөөчү Тимур Турдукулов бул багытта “Азаттык” радиосуна интервью берүүнү каалаган жок.

XS
SM
MD
LG