Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Украин президенти француз лидери менен жолугат


Украинанын президенти Петро Порошенко.
Украинанын президенти Петро Порошенко.

Украинанын президенти Петро Порошенко бүгүн Парижде француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугат.

Бул визиттин алкагында Порошенко Франциянын өкмөт башчысы жана сенат лидери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Франция Германия менен бирге 2015-жылдын февраль айында Минск келишимине ортомчулук кылган. Бул келишим Украинанын чыгышындагы Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы куралдуу жаңжалды токтотууга багытталган. Макулдашууга карабастан аймакта кармаш токтой элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, 2014-жылдын апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы куралдуу кармаштан 10 миң адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG