Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:55

АКШдагы бир катар өкмөттүк сайттар хакердик чабуулдардан кийин убактылуу жабылды. Сайттардын басымдуу бөлүгү Огайо штатына туура келет.

25-июнда Team System DZ аттуу хакерлер тобу штаттын республикачыл губернатору Жон Кейсиктин сайтын бузуп киришип, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жактаган билдирүүлөрдү жазып кетишкен. Анда президент Дональд Трамп ар бир мусулмандын төгүлгөн каны үчүн жооптуу болоору да жазылган.

Бул сыяктуу киберчабуулга Нью-Йорктогу жана Мэриленддеги бир катар өкмөттүк сайттар да кабылды.

XS
SM
MD
LG