Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Ошто мыйзамсыз сакталган "Калашников" автоматы алынды


Шектүүнүн үйүнөн табылды деген курал. Сүрөт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына таандык.
Шектүүнүн үйүнөн табылды деген курал. Сүрөт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына таандык.

Ош шаарынын 29 жаштагы тургунунун үйүнѳн мыйзамсыз сакталган «Калашников» үлгүсүндѳгү автомат алынды. Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-июнда маңзаттарын мыйзамсыз колдонуп, алып жүрөт деген ыкчам маалыматтын негизинде бул жарандын «Хонда» үлгүсүндѳгү автомашинасы текшерилген.

Машинеден 19,3 грамм «гашиш» табылып, шектүү кармалган. Кийинчерээк анын үйүн тинтүү маалында уктоочу бѳлмѳдѳн «Калашников» үлгүсүндѳгү автомат тѳрт огу менен табылган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. (NT)

XS
SM
MD
LG