Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү репрессиялык режими менен тарыхта калган советтик башкаруучу Иосиф Сталинди дүйнө тарыхындагы эң чыгаан адам деп эсептешет. "Левада борбору" жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 38 пайызы Сталинди рейтингдин башкы сабына коюшкан.
Экинчи орунга 34 пайыздык добуш менен азыркы президент Владимир Путин жана акын Александр Пушкин чыккан. Андан кийинки орундарда Владимир Ленин жана Петр I турат.
Сурамжылоого катышкандар чыгаан адамдардын ысымдарын өздөрү сунушташкан. Бул сурамжылоо быйыл апрель айында Орусиянын 48 регионундагы 137 калктуу пунктта өткөрүлгөн. Ага 18 жаштан жогору курактагы 1600 орус жараны катышкан.
Беш жыл мурда социологдор жүргүзгөн сурамжылоодо да Сталин биринчи орунга, президент Путин бешинчи орунга чыккан эле. Путин Оливер Стоундун тасмасында "Сталинди ашыкча ашкерелөөнү" СССРге жана Орусияга чабуул коюнун бир ыкмасы деп мүнөздөгөн эле.
23-июнда Москвада "Антисталин" аттуу акция өткөн.