Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияны көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Арсланбек Хуршудов өткөн аптадагы Коррупцияга каршы координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, прокуратура органдары 2012-2016-жылдарда мыйзамсыз паспорт берген жана паспорт жасаган 237 фактыны аныктаган.
Эң көп мыйзам бузуулар Ош облусунда, андан кийин, Чүй жана Жалал-Абад аймактарында катталууда.
Буга чейин жасалма кыргыз паспорттору менен башка улут өкүлдөрү кармалган учурлар катталган.
Былтыр май айында Түркиянын Стамбул шаарында аэропортто 98 уйгур тектүү кытай жарандары кармалган. Алар кыргыз паспорттору менен Сауд Арабияга учканы жатканы белгилүү болгон. (SDz/NT)