Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:02

Кыргызстанда бир сутка ичинде мыйзамсыз ташуудагы 80 килограмм маңзат кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маңзатты мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү кызматы бул фактылар боюнча алты кылмыш иш козгоду.

Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ири өчөмдөгү мыйзамсыз маңзат алып жүргөн жарандар Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында колго түшүрүлдү.

Ар бир факт боюнча иликтөө жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG