Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Президенттикке аттанам дегендерден төрт арыз түштү


Кыргызстанда президенттикке ат салышуу ниетин билдиргендердин саны төрткө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн үчөөнөн арыз түштү.

Алар: “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай).

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-агустка чейин кабыл алынат.

Бийликчил социал-демократтар партиясынын талапкерди көрсөтүү съезди 15-июлда өтөт. Буга чейин КСДПнын саясий кеңеши азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке сүрөй турганын жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG