Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Текебаев менен Чотоновдун соту уланат


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо улантылат.

Буга чейинки отурумга экс-президент Роза Отунбаева күбө катары катышып, ишти адилет кароону соттон өтүнгөн.

Ал эми адвокаттардын президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алуу тууралуу өтүнүчүн сот канааттандыруудан баш тарткан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри жана Түштүк Кореядагы экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов төрт айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда кармалып жатышат.

Аларды Башкы прокуратура 2010-жылы Орусия жаранынан “Мегаком” компаниясына байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо. Соттолуучулар жана алардын тарапкерлери бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG