Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 18:09

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, зыяратка барчуларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө бүгүнтөн тарта башталды.

Эмдөө иштери аймактарда облустардагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жүргүзүлөт. Бишкекте №10 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда болот.

Жалпысынан Бишкек шаарында 278, Чүй облусунда 502, Таласта 40, Нарында 26, Ысык-Көлдө 65, Ош шаарында 446, Ош облусунда 1798, Жалал-Абадда 931, Баткен облусу боюнча 444, ажылыкты уюштуруу штабынан 55 киши эмдөөдөн өтүүгө тийиш.

Эмдөө 20-июлда аяктайт. Быйыл Меккеге ажылык зыярат августка белгиленген. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG