Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:54

Нарын: Жол кырсыгына кабылган чет өлкөлүктөрдүн абалы турукташты


Нарын

Нарында жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн чет өлкөлүк эки туристтин абалы турукташты, алар Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Турат Жумабеков билдирди. Анын айтымында алгач жабыркагандардын абалы оор болчу:

- Эки туристтин кабыргалары, акыректери сынып кеткен экен. Бизге келип түшкөндө биринин акыбалы оор болчу, экинчисиники салыштырмалуу жеңилирээк болгон. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 26-июнда Бишкек шаарындагы ооруканага которулду.

25-июнда Кыргызстанда саякаттап жүрүшкөн германиялык үч турист Кочкор айылына келип, мейманкананы көздөй баратканда аларды "Ауди" үлгүсүндөгү машине сүзгөн. Натыйжада 33 жаштагы аял алган жараатынан ошол жерде мерт кеткен, эки киши райондук ооруканага жеткирилген. Аларды коюп кеткен автоунаанын айдоочусу, Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын 20 жаштагы жашоочусу да ооруканага түшкөн.

Алдын ала маалыматка караганда, жол жээгиндеги шагыл машинаны капталга тартып кетип, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал ошол учурда мас эмес экени аныкталды.

Райондук милиция кылмыш иш козгоп, тергеп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG