Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:16

Соттолгон оппозициячылардын арызы каралууда


Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген

Бишкек шаардык сотунда бүгүн бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп айыпталган саясатчылардын апелляциялык арызын кароо уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Нина Зотова билдирди.

Буга чейинки сот отурумунда камактагыларды жактоого жаңы тартылган эки адвокаттын жашыруун материалдар менен таанышууга уруксат алышы үчүн убакыт берүү чечими кабыл алынган.

Быйыл 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозиция өкүлдөрү: Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловго төрт жылга шарттуу өкүм берген.

Алардын жакындары менен адвокаттар Биринчи Май райондук соту катаал өкүм чыгарганын белгилеп, шаардык сотко кайрылышкан.

Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айтса, өздөрү жана жарандык коом алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG