Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:27

“Өнүгүү Прогресс” президенттикке талапкерин көрсөтөт


Бакыт Төрөбаев эл менен жолугушууда

“Өнүгүү Прогресс” партиясы бүгүн Бишкекте республикалык съездин өткөрөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр катышарын партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Күн тартибиндеги негизги маселе – президенттикке бирдиктүү талапкерди көрсөтүү.

Быйыл февраль айында “Өнүгүү Прогресс” Бишкекте жыйын куруп, делегаттар президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Бүгүнкү күнгө карата арызын “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) беришти.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-агустка чейин кабыл алынат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG