Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:07

Орусия АКШны Сирия армиясына карата чагым жасабоого чакырды


Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров АКШны «Сириянын террорчуларга каршы операция жүргүзүп жаткан өкмөттүк күчтөрүнө карата чагымга жол бербөөгө" чакырды.

Орус Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул тууралуу ал дүйшөмбүдө Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефондон сүйлөшкөндө айтты. Америкалык тараптан азырынча жооп айтыла элек.

Орусия бул билдирүүсүн Израиль армиясы Голан дөңсөлөрүндөгү Сириянын күчтөрүнө сокку ургандын эртеси жасады. Бир жумага жетпеген убакыт аралыгында Лавров менен Тиллерсон экинчи жолу телефондон байланышты. Биринчисинде орус министри АКШны сириялык өкмөттүк күчтөрдүн “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы чабуулун үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган.

АКШнын аскерлери соңку аптада Сириядагы аракеттерин күчөтүп, Орусия буга жооп катары америкалык аскерий учактарды көзөмөлдөй баштарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG