Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Төрөбаев: президент болсом кортежден баш тартам


Бакыт Төрөбаев өзү жетектеген “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайында. Бишкек. 27-июнь, 2017-жыл.
Бакыт Төрөбаев өзү жетектеген “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайында. Бишкек. 27-июнь, 2017-жыл.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жана Жогорку Кеңештеги фракция лидери, депутат Бакыт Төрөбаев бул тууралуу аталган партиянын Бишкекте өтүп жаткан республикалык курултайында билдирди. Ал эгерде президент болуп шайланып калса, эс алууга жана тамак-ашка бөлүнгөн акчадан баш тартарын, жумушка эрте барып, кеч чыгарын, Бишкектин көчөлөрүндө кортеж менен жүрбөй, башка жарандарга жолтоо болбой турганын кошумчалады.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга президенттик башкаруу ыкмасы ылайыктуу экенин, президенттик бийликтин күчтүү болушун колдой турганын белгиледи.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайына өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр, партия мүчөлөрү келген. Ошондой эле Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нурлан Шакиев сыяктуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депуттары Жанар Акаев, Максат Сабиров конок катары катышууда.

Жыйында аталган партиядан президенттикке талапкер расмий көрсөтүлөт.

Быйыл февраль айында “Өнүгүү-Прогресс” Бишкекте жыйын куруп, анда президенттик шайлоого партия лидери, парламент депутаты Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG