Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги "КСДП", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Республика" партияларынан куралган "Жаңы Багыт " коалициясынын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйын куруп, азчылыкты түзгөн "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" партияларын сессияга катышууга үндөштү.
Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков "саясий амбицияларды токтотуп, мыйзам чегинде иштешүүгө" чакырды.
Көпчүлүк коалициянын сессиясы 29-июнга белгиленген. 23-июнда өткөн алгачкы сессияга азчылыктагы эки партия келбей койгондуктан өтпөй калган. "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" партиялары көпчүлүк коалициянын сессия чакырууга укугу жок деген жүйөнү карманып жатышат.
Жалал-Абад шаардык кеңешинде мурдагы чакырылыштын депутаттары да бириге албай март айында тараган. 28-майда кайра шайлоо өткөн. Калаанын 350 миллион сомдук бюджети жарым жылдан бери бекитилбей турат. (RsK/NT)