Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:07

Киевдеги жарылуудан өлгөн адам Коргоо министрлигинин полковниги


Жарылган "Мерседес" унаасы. Киев, 27-июнь, 2017-жыл

Киевдеги автоунаанын жарылуусунан өлгөн адам Украина Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгынын кызматкери, полковник Максим Шаповал. Бул тууралуу аталган министрлик расмий сайтына жазды.

Ошондой эле окуя террордук акт катары каралып, бардык жагдайлар териштириле баштаганын белгилейт.

Жарылуудан 1990-жылкы аял киши жабыркап, бутуна чачырандылар кирип кеткенин Киев полициясы билдирди.

Баш калаанын Соломенск районунда «Мерседес» унаасы жарылганы тууралуу кабар полицияга таңкы 08:16да түшкөн.

XS
SM
MD
LG