Бишкектин Биринчи Май райондук соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Жараянда адвокаттар Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн арыз жазды деген орусиялык жарандар Леонид Маевский жана Алекcей Модинди алып келип, жоопко тартуу боюнча эки өтүнүч келтиришти. Сот кеңешүүгө кетти.
Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган.
Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. (NT)