Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:02

Өзбекстандык диссидент Мурад Жураев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыга албай жатат.

Жураев Ички иштер министрлиги менен атайын кызматтагылар түрдүү жолдор менен анын чет өлкөгө чыгышына бут тосуп жатканын айтты. Холбика Жураева күйөөсүнө башка өлкөлөргө чыгуу визасы берилбей жатканына нааразы.

Бийлик азырынча буга үн ката элек. Туугандары Жураев эркиндикте болгонуна карабастан дале милициянын көзөмөлүндө дешет.

Өзбек парламентинин мурдагы депутаты, 65 жаштагы Жураев 2015-жылы эркиндикке чыккан. Ал бийликти күч менен басып алууга айыпталып, 1994-жылы камалган болчу.

"Эзгулик" укук коргоо коомчулугунун өкүлү Абдурахман Ташанов виза берүүдөн баш тартуу менен Өзбекстан бийлиги жарандын конституциялык укуктарын бузуп жатканын билдирди. Укук коргоочулар Каримовдун бийлиги учурунда саясий негизде камалгандар дале куугунтукталып жатканын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG