Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сузакта эки миңдей адамдын сөөгү коюлган мүрзө көчүрүлүүдө


Райондун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылындагы көрүстөндү суу жиреп, бузулуп жаткандыктан толугу менен башка жакка көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, мазар жайгашкан жердин эки тарабынан суу агып өткөндүктөн, жаз айларында көмүлгөн сөөктөрдү агызып кетип жаткан жагдайлар орун алган.

Айылдыктардын суранычы менен мазарга башка аймактан жер бөлүнүп, эки миңге чукул адамдын сөөгү казылып алынууда. Бүгүнкү күнгө чейин министрликтин адистери 715 маркумдун сөөгүн казып алган. Аларды жакындары эстеликтерин орнотуу менен көмүп жатышат. Алчалуу айылындагы бул мазар 200 жыл мурда ачылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG