Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Президент болом дегендерден жети арыз түштү


Президенттик таймашка катышам дегендердин саны бүгүнкү күнгө карата жети адамга жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саясий партиялардан бир жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн алтоонон арыз түштү.

Алар: “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-агустка чейин кабыл алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG