Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону чагылдырууга 41 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.
Жалпысынан 87 арыз келип түшкөн, алардын арасынан 41инин документтери толук тапшырылды.
Алар: 16 телекомпания, 10 радиокомпания, 10 басылма жана 4 интернет-басылма. Документтерди кабыл алуу 15-июнда башталган, 4-июлда аяктайт.
Президенттик шайлоо Кыргызстанда быйыл 15-октябрда өтөт. (RK)