Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:29

Балыкчыда ата-эне эгиз төрөлгөн ымыркайлардын бирөөнү алып коюшту деп күмөн саноодо.

Шаар тургуну Данияр Чыбыев “Азаттыкка” айтып бергенине караганда, 6-июнда анын жубайы Махабат Намазбекова Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Ага чейин сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, сегизи тең эгиз бала деп көрсөткөнүн айткан Чыбыев төрөт учурунда аны доктурлар киргизбей коюшканын кошумчалады.

- Кайненем, кайнежем эшикти ачып кирели дешсе ички коридордо үч чоочун аял бир ымыркайды көтөрүп турушкан экен. Дарыгерлер шашылыш түрдө эле эшикти жаап салышкан, - дейт Чыбыев.

12-июнь күнү ал УКМКга арыз жазган. Ал арыз бир жумада Караколго жиберилип, шаардык прокуратурага өткөн. Прокуратура ишти шаардык милицияга өткөрүп, азыр териштирилүү жүрүп жатат.

Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүн башчысы Тилек Айдаралиева эгиз бала болбогонун, УЗИ жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүн экенин, төрөгөн аял ал учурда эсинде болгонун жана баарын көрүп турганын айтууда. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG