Жол куруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда. Кечээ Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде “Автомобилдик жолдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланды.
Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешовдун айтымында, жаңы унаа жол салынгандан кийин анын кепилдик мөөнөтүн беш жылдан кем эмес, ал эми оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордукун үч жылдан кем эмес деп жазуу сунушталууда. Бул норма жолду курган компаниянын жоопкерчилигин күчөтүп, мамлекеттин жолдорду тейлөө боюнча жүгүн жеңилдетет.
Натыйжада мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Кыргызстанда Союз мезгилинде курулган автожолдордун дээрлик баары эскилиги жеткендиктен алар чет жактан тартылган акчага оңдолууда. Жаңыдан реконструкциядан өткөн жолдор тез эле бузулуп калып жатканы жарандык коомдун кескин сынын пайда кылып келет. (RK)