Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

ЖК: кыйраган учактагы жүктү иликтөө жыйынтыкталды


Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтөөнү жыйынтыктады. Анын жыйынтыгы боюнча корутунду депутаттарга таратылып берилгени “Азаттыкка” маалым болду. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына качан чыгары азырынча белгисиз. Бул жумадагы күн тартибине киргизилген эмес. Парламенттин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Кулаган учактагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия 19-январда түзүлгөн. 20-февралда иши бир айга узартылган.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта бир топ турак жай кыйраган жана 35 жергиликтүү тургун, төрт учкуч ажал тапкан.

Алгач кулаган учактын бортунда 85 тонннадан ашуун жүк бар болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы кабарланган. Бирок ACT Airlines компаниясы Бишкектин четинде кулаган учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык экени айтылган болчу. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG