Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Дүйнөлүк банк "Бишкек жылуулук борборуна" акча берет


Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу” долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуу каралды. Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары жылуулук системасынын өзүн жакшыртууга 25 млн. доллар жумшалмакчы.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашуу бардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук борборуна» берилет. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, аудитордук жумуштарды жүргүзүү үчүн дагы каражат каралууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG