Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Ат-Башыда эл аралык кыргыз шырдагы фестивалы өтүп жатат


Ат-Башы районунда бүгүн эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы өтүп жатат. Фестивалда шырдак жасоонун устат-шакирт мектебинен көнүгүүлөр, "мыкты шырдак", "мурас шырдак" сыяктуу эски шырдактардын кароо-сынагы, кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтуусунда, фестивалга өлкөнүн бардык облустарынан жана чет өлкөдөн да коноктор келген.

Иш-чараны өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен 200 миң сом жана Жогорку Кеңештин төрөгасынын фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. Мындан сырткары райондук администрация 30 миң сом берген. Кыргыз шырдагы фестивалы Нарын облусунда ушуну менен жетинчи ирет өтүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG