Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:52

Иран АКШга Сирияда “кооптуу эскалацияга” жол бербөөнү эскертти


Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф

Иран АКШ президент Басар Асад дагы химиялык чабуулга камынып жатат деп шектенип, анын “баасы өтө жогору” болорун эскерткени Сирияда “коркунучтуу эскалацияга” жол ачышы мүмкүн деп Вашингтонду айыптады.

27-июнда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Твиттер баракчасына бул “АКШнын дагы бир жалган маалыматка таянып, Сириядагы кырдаалды кооптуу абалга такаганы” деп жазды.

Ирандын мындай айыптоосу Франциянын президенти Эммануэл Макрондун АКШ президенти Дональд Трамптын Сирияда химиялык чабуулдун кандай гана түрү болбосун ага каршы бирге чара көрөбүз дегенине кошулгандан кийин айтылды.

Иран Орусия менен бирге Асаддын эң жакын өнөктөшү. Буга чейин Кремль дагы Вашингтондун эскертүүсүн “негизсиз коркутуу” деп баалаган.

Иран "Ислам мамлекети” террордук уюмуна жана козголоңчул топторго каршы согушта Асаддын армиясына жерден жардам берсе, Орусия абадан көмөк көрсөтүп жатат.

4-апрелде Сириянын Идлиб провинциясында химиялык чабуул жасалган. Анын кеспетинен козголоңчулардын көзөмөлүндөгү шаарда 80ден ашуун киши өлгөн, алардын арасында аялдар менен балдар бардыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG