Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

Өзбекстанда ДБ колдогон долбоорлорго балдар тартылганы сындалды


Жизактын пахта тааласында иштеген аялдар
Жизактын пахта тааласында иштеген аялдар

Укук коргоочу уюмдар Дүйнөлүк банк Өзбекстандын айыл чарбасына берген 500 миллиондон ашуун доллар адамдарды мажбурлап иштетүүгө, анын ичинде балдар эмгегине кетип жатканын көтөрүп чыкты.

27-июнда "Хьюман Райтс Уотч" жана укук коргоочулардын өзбек-немис форуму жарыялаган баяндамасында балдар менен чоңдор күчтөп пахта теримге катышкан жердин бириндеги долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап жатканы айтылат.

2015-2017-жылдары өзбек бийликтери студенттерди, мугалимдерди жана дарыгерлерди пахта тигүүгө, түшүм жыйноого салгандыктан балдардын окуусу үзгүлтүккө учураганын мисал келтирет.

Эгер кимдир бирөө андан баш тартса иштен айдалып, мектептен чыгарылып же маянасы кесилери дагы баяндамада белгиленет.

Дүйнөлүк банк каржылаган ирригациялык долбоорго балдарды катыштырбоого өкмөт макул болсо дагы 13 жашка чыга элек тестиерлер талаада чоңдор менен бирге иштеп жүргөнү аныкталган.

Дүйнөлүк банктын маалымат катчысы мекеме "мажбурлап ишке салуунун кандай гана формасына болсо дагы каршы экенин" айтты.

XS
SM
MD
LG