Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Жалал-Абад: коомдук бирикмелер шаардык кеңешти биримдикке чакырды


Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болбой калган. 23-июнь, 2017
Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болбой калган. 23-июнь, 2017

Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайланып келген депутаттарын бөлүнбөй, калаанын жана шаардыктардын гана кызыкчылыгында иш алып барууга чакырышты. Бул тууралуу алар бүгүн өткөн маалымат жыйында билдиришти. Баткен согушунун катышуучусу Рустамбек Амиракулов шаардагы бюджеттик мекемелер, мектептер жана бала бакчалар бюджеттин бекитилбей жатышынан жабыр тартып жатышканына билдирди. Ошондой эле алар шаарда партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү өзүн актабай жатканын, бул элди бөлүп-жарууга алып барып, көп тоскоолдуктарды жарата турганын айтышты. 27-июнда да шаардагы аксакалдар алты партиядан куралган шаардык кеңештин депутаттарын биригүүгө чакырып, маалымат жыйын курушкан.

28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жеңишке жетишкен КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары коалициялык көпчүлүккө кирип, “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата Журт” партиялары азчылыкта калган. Учурда партиялардын тирешүүсүнөн улам шаардык кеңеш алгачкы сессияга да чогула албай жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG