Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШ адам аткезчилиги боюнча баяндама жарыялады


Мамлекеттик департаменттин 2017-жылкы баяндамасы
Мамлекеттик департаменттин 2017-жылкы баяндамасы

Мамлекеттик департаменттин жылдык баяндамасында дүйнө жүзүндө 20 миллиондой киши адам аткезчилигине жана кулчулукка дуушар болуп жатканы айтылат. Кылмыштуу бизнестин бул түрү Кытайда кеңири тараганы белгиленет. Бул өлкөгө Түндүк Кореядан акча табуу үчүн келгендер эксплуатацияга көп кабылат.

27-июнда мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Орусия дагы миңдеген түндүк кореялыктарды иштетип, алардын тапкан акчасы Пхеньяндагы режимди колдоого салым кошуп жатканына токтолду.

"Биздин максат 21-кылымда адам аткезчилигин токтотуу" - деди Тиллерсон.

Баяндамада ошондой эле Мьянма, Ооганстан, Малайзия жана Катар адам аткезчилигин токтотууга ниетин билдиргени дагы айтылат. Вашингтондун рейтингинде Орусия, Куба жана Таиланд былтыркы эле орундарында калган.

Президент Дональд Трамп адам аткезчилигин токтотууну өз администрациясынын "маанилүү тапшырмаларынын" бири деп атаган.

XS
SM
MD
LG