Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

"Ак-Түз" фабрикасынын жумушчулары иш таштады


Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан “Георезерв” жана “Реоресурс” компанияларынын 200гө чукул жумушчулары бүгүнтөн тартып мөөнөтсүз иш таштады. Алар 3-4 айдан бери ала албай жаткан эмгек акыларын төлөп берүүнү, атайын кийимдерди берүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Тоо-кенчилер профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдири.

- Ушул компанияда эмгек келишимдер үч айга, кыска мөөнөткө бекитилет. Бирок Эмгек кодексинин 55-беренесинде ушундай компанияларда эмгек келишимдер мөөнөтсүз болуш керек деп белгиленген. Жумушчулар ушул берене аткарылсын деп талап кылып жатышат. Экинчиден, профсоюздук уюмдун төрагасы Догдурбек Майчиев кызматтан алыныптыр. Жумушчулар ошого дагы каршы болуп жатышат.

Жумушчулар талаптары аткарылмайынча ишти баштабай тургандарын белгилешкен. Бүгүн жумушчулар менен фабриканын өкүлдөрү жолугуп, айтылган талаптар караларын билдирди.

Ак-Түз айылында жайгашкан орусиялык “Георезерв” жана “Реоресурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу жаатында иш алып барат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG