Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:37

БШК: президент болом дегендердин саны тогузга жетти


Президенттик таймашка катышам дегендердин саны тогуз адамга жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлердин арызын кабыл алуу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун мүчөсү Чынара Алыбаеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бүгүн Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева менен экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу арыздарын тапшырды. Экөө тең өзүн өзү көрсөткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саясий партиялардан бир жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн сегиз арыз түштү. Алар: “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG