Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

НАТО коргонууга кетчү чыгымдарын көбөйтөт


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОго кирген европалык өлкөлөр, Канада үстүбүздөгү жылы коргонууга кетчү чыгымдарды дээрлик 4,5% көбөйтөт. Бул тууралуу шаршембиде Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг белгиледи. Ал өткөн жылы Греция, Британия жана Эстония гана белгиленген тапшырманы аткарып, өз бюджетинин 2% коргонууга бөлгөнүн айтты.

2017-жылы НАТОнун аскерий чыгымдары 280 млрд долларга жетип, былтыркыга караганда 26 млн долларга көп болду.

АКШ президенти Дональд Трамп европалык өнөктөштөрүн НАТО бюджетине кошчу салымын көбөйтүүгө чакырып, болбосо Вашингтон баштагыдай жүктүн көбүн тарта албастыгын эскерткен.

Вашингтондун мындай билдирүүсү Европадагы өнөктөштөрдүн тынчсыздануусун жараткан. Баш катчы Столтенберг болсо Трамптын позициясын колдоп, НАТОнун алдында жаңы милдеттер турганын белгилеген.

29-июнда Брюсселде Түндүк альянстын өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоого кеткен чыгымдарды талкуулайт. Орусиянын аскерий активдүүлүгүн эске алганда аскерий уюмдун алдында бейстабилдүү өлкөлөр менен чек арасын бекемдеп, кибер чабуулдардан коргонуу маселеси турат.

XS
SM
MD
LG