Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Немцовдун өлүмү боюнча өкүм угузуу бейшембиге калды


Заур Дадаев сот залында, 27-май, 2017
Заур Дадаев сот залында, 27-май, 2017

Москванын аймактык аскер сотунда арачылар 2015-жылы киши колдуу болгон оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө айыпталган беш кишиге өкүм угузууну 29-июнга жылдырды.

Шаршембиде арачылар соту үч саат бою бир тыянакка келе албай, анан көпчүлүктүн чечими менен 26 суроо карала баштаган.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бешке чукул арачылар чарчап калгандыктан процесс бейшембиге жылдырылганы маалым болду. Адвокат сот имаратынын сыртында туруп өкүмдү угузууга чейин эки-үч күн кетерин айтты.

Кылмышка Заур Дадаевден башка Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев айыпталып жатат.

Тергөө жүрүшүндө Дадаев менен ага-ини Гурбашевдер күнөөсүн моюнга алганы менен сотто кайра андан баш тартышкан.

Немцовдун кызы Жанна жана анын үй-бүлөсүнүн адвокаттары оппозициялык саясатчынын өлүмү ачылган жок деп, ага Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун тиешеси бардыгын айтып келишет.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG