Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Баш сөөгүндөгү окту алдырган бейтаптын абалы турукташууда


Бейтаптын рентген сүрөттөрү
Бейтаптын рентген сүрөттөрү

Чекесин тешип өтүп, баш сөөгүнүн ичинде калган окту алдырыш үчүн ооруканага кайрылып, операциядан өткөн жарандын абалы турукташа баштады. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №2 нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров кабарлоодо.

Операция жаран жараат алгандан үч күн өткөндөн кийин жасалганына карабастан ийгиликтүү өткөнү, ал азыр өз алдынча тамак жеп, басып калганы айтылууда.

Ок баш мээге 3 сантиметр жетпеген жерде такалып калган, бейтап ооруканага өзү басып келген. Операция эки саатка жакын убакытка созулган.

Адистер бул операцияны уникалдуу деп атоодо. YR/RK

XS
SM
MD
LG