Косово менен Сербиянын лидерлери эки өлко ортосундагы бир нече айдан бери уланып келаткан чыңалууну басаңдатуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантууну макулдашышты.
Косово президенти Хашим Тачи Сербия президенти Александр Вучичке телефон чалып, анын апрель айындагы шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын билдирди.
Эки президент диалогду улантып, ортодогу проблемаларды чечүү үчүн чогуу иштемей болушту.
Косовонун калкынын 90 процентке жакынын этникалык албандар түзөт. Бул өлкө Сербиядан көз каранды эместигин 2008-жылы жарыялаган. Бирок серб бийлиги муну тааныбай келет. (RK)