Бүгүн Чолпон-Ата шаарында кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтаруу маселесине арналган эл аралык жыйын өтөт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен уюштурулууда.
Ага прокуратура, каржылык чалгын органдарынын өкүлдөрү катышып, коррупциялык кылмыштарды, каражаттарды чет мамлекеттерге алып чыгып кетүүнү алдын алуу маселелерин талкуулап, өз ара маалымат алмашуу системасын жакшыртууну карашат.
Жыйынга Борбор Азия, Түштүк Кавказ республикаларынан жана АКШ, Бельгия, Британия, Швейцария, Түштүк Кореядан адистер катышат. (RK)