Президент Алмазбек Атамбаев «Баткен, Жалал-Абад, жана Ош облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жогорку Кеңеш быйыл майда кабыл алып берген мыйзамга ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Коткор, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Өргө, Ноокат районундагы Улуу-Тоо калктуу конуштарына айыл макамы берилди. Эми аларга айыл башчылары дайындалат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны 150гө жакын.
Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 450гө жакын айыл аймагы бар.(NT)