Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Жалал-Абадда 5 миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттары жараксыз болуп калды


Бишкектеги мыкты окугандарга аттестат тапшыруу аземи
Бишкектеги мыкты окугандарга аттестат тапшыруу аземи

Жалал-Абад облусундагы сегиз район жана беш шаардагы мектепти быйыл аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарынын баары жараксыз болуп калды. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн бардык документтери даярдалып Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн. Маалыматка караганда, “Тартип” аталышындагы басмакана облустагы беш миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттарын “Кыргыз Республикасынын” деген жазууда “Н” тамгасы жок басып салган.

Бүтүрүүчүлөргө таратылган аттестаттар кайрадан чогултулуп, министрликке жөнөтүлөт. Учурда басмакана экинчи жолу документтерди басууга берип, айрым райондордо окуучулар ала баштады. (RsK)

XS
SM
MD
LG