Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Текебаев менен Чотоновдун сотуна Маевский келди


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланып жатат. Ушул тапта Леонид Маевский көрсөтмө берүүдө. Ал Текебаев жана Чотонов менен кантип таанышып калганын, Кыргызстанды жакшы билген Алексей Модиндин сунушу менен өлкөнүн байланыш тармагына кирип, аты аталган саясатчылар менен таанышканын айтып берди. Ошондой эле ал Модин менен 17 жылдан бери тааныш болгонун, мамилеси жакшы экенин кошумчалады. Өзүнүн тапшырмасы менен Модин 300 миң долларды бергендигин айтты.

Кечээ Текебаевге каршы арыз жазды деген орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков жана парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов күбө катары көрсөтмө беришкен.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген. (КЕ/ВKА)

XS
SM
MD
LG