Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

Немцовдун ишинде сот арачылары өкүм угузууну улантууда


27-июндагы соттук териштирүү

Бүгүн Москванын аскердик сотунда арачылар оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча өз чечимдерин угузууну улантууда. 28-июнда соттук коллегия орток пикир таба албагандыктан ар бир суроого өз алдынча добуш берүүнү чечишкен.

Арачылар соту шейшемби күндөн бери кеңешип жатат. Алар соттун баш-аягы 26 суроосуна жооп бериши керек. Алардын негизгиси - Чеченстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы батальон башчысы Заур Дадаев күнөөлүүбү деген суроо. Мындан тышкары арачылар соту айыпталуучуларга ырайым берүү керекпи деген суроого да өз чечимдерин билдириши зарыл.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн. Кылмышка Дадаевден башка Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев айыпталып жатат.

Тергөө жүрүшүндө Дадаев менен ага-ини Гурбашевдер күнөөсүн моюнга алганы менен сотто кайра андан баш тартышкан. Немцовдун үй-бүлөсү оппозициялык саясатчынын өлүмү ачылган жок деп ишенет.

XS
SM
MD
LG