Кытай лидери Си Цзиньпин үч күндүк сапары менен биринчи жолу Гонконгго келди. Ал шаардын Британиянын башкаруусунан Кытайга өткөнүнүн 20 жылдыгын белгилөө арналган иш-чараларга катышмакчы.
2013-жылы бийликке келген Си Цзинпинди жана анын жубайы Пэн Лиюанды бейшембиде Гонконгдун аэропортунда өзгөчө салтанат менен тосуп алышты. Бирок кытай лидеринин бул сапарынын алдында гонконгдук активисттер нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын жыйырмага чукулу камакка алынды.
Активисттер Гонконг тургундарынын эркиндиги барган сайын чектелип баратат деп ишенишет.