КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Республика” фракцияларынын 18 депутатынан куралган көпчүлүк коалиция бүгүн алгачкы сессиясын өткөрдү.
Ага азчылыктагы “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары катышкан жок. Шаардык кеңештин төрагасын шайлоого кворум жок болгондугуна байланыштуу депутаттар төраганын орун басарын шайлашты. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Чыңгыз Аканов орун басар болуп шайланды. Туруктуу комиссиялар бекитилип, кеңештин регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Көпчүлүк коалиция сессияга төрт жолу келбеген депутаттардын мандатын чакыртып алган мыйзамдуу жол экенин эскертишүүдө.
Азчылыктагы депутаттар бүгүнкү сессияга катышпаган сесебин ачык айтышкан жок. Жалал-Абад шаардык кеңешинде мурдагы чакырылыштын депутаттары да бириге албай март айында тараган. 28-майда кайра шайлоо өткөн. Калаанын 350 миллион сомдук бюджети жарым жылдан бери бекитилбей турат. (RsK)