Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Кудайбердиева окуучулардан маалымат топтоо боюнча түшүндүрмө берүүдө


Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуучулар жана алардын ата-энелери тууралуу толук маалымат алуу буйругу тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берди.

Кудайбердиева маалымат топтоо өлкөдөгү саясий өнөктүктөргө тиешеси жок экенин жана окуучулар тууралуу толук маалымат алуу максатында жасалып жатканын белгиледи.

- Бул системанын биринчи этабы билим берүүнүн бардык деңгээлинде статистикалык маалыматтардын электрондук базасын түзүүнү, анын ичинде билим берүү уюмунун паспорту, окуучулар, мугалимдер, ата-энелер тууралуу маалыматтарды киргизүүнү болжолдойт. Экинчи этапта билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги сапатты башкаруу системасы, окуучулар менен мугалимдердин жетишкендиги, каржылоо боюнча отчеттор, мониторинг жана башка маалыматтар менен түзүлөт. Мектепке барбаган, интернаттардагы, кесиптик лицейдеги балдардын саны, бир мектептен башка жакка которуу маселеси, бюджеттик чыгашаларды натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Кудайбердиева окуу жылдын аякташына жана өргүү мезгилинин башталышына байланыштуу кошумча буйрук менен аталган системаны түзүү боюнча ишти улантуу 2017-2018-окуу жылынын ноябрь айына жылдырылганын белгиледи. Бирок бир топ депутаттар адамдардын жеке маалыматын алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, министрликти сындашты. Алар бул жараянды шайлоо алдындагы маалымат топтоого салыштырды. Мындан кийин министр Кудайбердиева буйрукту юристтер менен кайра карап чыгышарын белгиледи.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары окуучулар менен ата-энесинин паспорту, дареги жана телефону мектептерде суралып жатканын айтышкан. Бул тапшырманы аткарбаган мектеп директорлору кызматтан алынары дагы айтылган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG