Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Меркел: "Чоң жыйырманын" саммити климатка көңүл бурат


Немис канцлери Ангела Меркел
Немис канцлери Ангела Меркел

Немис канцлери Ангела Меркел климаттын өзгөрүшүн алдын алууну көздөгөн Париж келишимин ишке ашыруу маселеси "Чоң жыйырманын" кийинки аптадагы саммитинин өзөгүн түзөрүн билдирди.

Ал 29-июнда парламенттеги кайрылуусунда АКШ президенти Дональд Трамп менен бул темада сүйлөшүү оор болорун кошумчалады.

Президент Трамп 1-июнда АКШ дүйнөнүн 195 өлкөсү кол койгон Париж келишиминен чыгарын жарыялаган эле. Ал бул маселеде АКШ үчүн адилеттүү келишим керек деген белгилеген.

"Чоң жыйырманын" жылдык жыйыны быйыл Германиянын Гамбург шаарында 7-8-июлда өтөт.

XS
SM
MD
LG