Орусиянын соту оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча беш адамды күнөөлүү деп тапты.
Москвадагы аскердик соттогу арачылар эки күндүк талкуудан кийин Чеченстандын тургундары Заур Дадаев, Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев бир топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.
Башкы айыпталуучу Заур Дадаев мурда Чеченстандын Ички иштер министрлигинин батальон башчысы болуп иштеген.
Беш айыпталуучу тең 21-июндагы билдирүүлөрүндө айыптарды четке кагышкан.
Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.